Азимбек Бекназаров кесибин өзгөрттү. Эми ал журналист

11:21, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров кесибин өзгөрттү. Эми ал журналист.

Маалыматка ылайык, ал «Жаңы-Ордо» гезитинде корреспондент болуп иштейт. Басылма маалыматты тастыктады.

Журналист Азимбек Бекназаров өлкөнүн саясий окуяларын баяндап, юридикалык баа берет.

Азимбек Бекназаров Курманбек Бакиевдин бийлигин кулаткан оппозициянын лидери болуп турган. Апрель окуяларынан кийин ал өкмөттө вице-премьер министр болуп иштеген. Кийинчерээк мамлекеттик кызматты таштап адвокаттык контора ачкан.