3 айда салык карызы жөнүндө 106 миң маалымкат онлайн түрүндө берилди

10:53, 20 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик салык кызматы 3 айда Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына электрондук түрдө 106 миң 91 маалымкат берген. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Алардын ичинен 91 миң 379 — салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын жоктугу жөнүндө жана 14 миң 713 — салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу маалыматы бар онлайн маалымкаттар.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-июнунан баштап Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуу конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) берүү боюнча сервис иштөөдө.