02:49
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте 23-30-сентябрь күндөрү «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт

Бишкекте 23-30-сентябрь күндөрү «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте шаар боюнча артериялык кан басымды өлчөгөн пункттарды уюштурат. Анда жарандар кан басымын текшертип, медкызматкерлерден бекер кеңеш ала алышат.

Иш-чара өтө турган жайлар: Бишкек шаарынын мэриясы, КТРК, Октябрь райондук администрация, Калкты тейлөө борбору, Маданият башкармалыгы, райондук билим берүү башкармалыктары, үй-бүлөлүк медицина борборлору, Beta stores-2, «Глобус», «Космопарк» гипермаркеттери, «Бишкек» оптомаркети, Орто-Сай базары, Свердлов райондук администрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, «Айпери» дүкөнү, «Дордой Плаза», «Аю Гранд», «Мегакомфорт» соода борборлорунда, калкты тейлөө борборлорунда, «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринде, «Чынар», «Чолпон», «Аламүдүн» базарларында, Биринчи Май райондук акимиаты, «Азиз» рыногу, «Фрунзе» гипермаркети, КРнын социалдык фонду, Биринчи Май ЗАГСы, Бишкектеги сыноо борбору, сертификация жана метрология, Күрөңкеев атындагы музыкалык училище, «Шекер» соода борбору, Ленин райондук акимиаты, билим берүү башкармалыгы, «Глобус», «Бишкек парк», «Фрунзе», «Азия Молл», «Народный», «Берекет Гранд» соода борборлору, Ленин райондук аскер комиссариаты, «Солнышко» дүкөнү, Ош базары.

Эң көп окулган жаңылыктар