14:26, 19 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Адам өмүрүнө кол салууга шектелип жаткан Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду Бишкектеги № 1 тергөө абагынан сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булак билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жабырлануучулар № 47 түзөтүү колониясында жайгашкан ооруканада дарыланышууда.
ЖАМК маалыматты тастыктады. Жабырлануучулардын эч жери сынган эмес.
«Бүгүн эртең менен 2 жабырлануучу № 47 колонияга которулду. Алар камерада отургандар менен согушуп кетишкен. Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбековду дарыгерлер карап чыгышты. Алар олуттуу жаракат алышкан эмес», -деп билдиришти ЖАМКтан.