Окурман: Эркиндик бульварындагы балдар отургучтарын алып салышты

09:49, 19 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Эркиндик бульварындагы жаңы аянтчада орнотулган пластмассадан жасалган балдар отургучтарын алып салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди. 

Фото

Айтымында, отургучтар балдардын салмагына эсептелген, бирок ага ата-энелер да отуруп жүргөн. Мындан улам отургучтар ийилип калган. «Отургучтар балдар үчүн деп атайын кулактандыруу да илинген, бирок ата-энелер буга көңүл да бурушкан жок. Талкалап салышкан окшойт», -деп боолголойт окурман.

Эске салсак, жаңы аянтча июлдун башында ачылган.