Эртең Бишкектин түштүк-чыгышында ичүүчү суу берүү чектелет

17:35, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин түштүк-чыгышында ичүүчү суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 9дан кечки 5ке чейин оңдоо иштерине байланыштуу Достоевский, Анкара, Ауэзов жана темир жол линиясы менен чектеш аймактарда муздак суу болбойт.