Чүйдө дайынсыз жоголгон Ислам Айтымбетов изделүүдө

16:43, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук ИИБ дайынсыз жоголгон Ислам Айтымбетовду издейт. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы туулган Ислам 15-сентябрда болжол менен саат 17:30да Ивановка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык дене түзүлүштө, көзү кара, бетинде тырык бар. Ошол күнү боз кофта, боз шым жана бутуна көк сланцы кийип жүргөн.

Фото