Жанар Акаев акыйкатчы элдин ишениминен кетип жатканын айтты

15:03, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Депутаттар бүгүн акыйкатчы Токон Мамытов менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун отчетун угууда.

Депутат Жанар Акаев сын айтып чыкты. Ал акыйкатчы элдин ишениминен кетип жатканын кошумчалады.

Жанар Акаев УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун укугун коргоо үчүн акыйкатчы эч нерсе жасабай жатканын айтты. Ал Сапар Исаковдун ооруп жатканын эске салды.

Токон Мамытов Сапар Исаковду зыярат кылганын айтты. Ал Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар менен да жолугуп, баарлашканын кошумчалады.