12:15, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Республика аймагында 10 күндүк рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында унаа салыгын төлөбөгөн 1 миң 36 унаа ээлерине айыппул салынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10 күндүк иш-чарада 11 миң 670 унаа токтотулган.
«Рейддин жыйынтыгында 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөштү, 3 миң 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди», — деп жазылат билдирүүдө.
Мыйзамга ылайык убагында салык төлөбөгөн унаа ээлери негизги салыктын суммасынан тышкары (жеке жактар миң сом, юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө) административдик айыпты, ага кошумча ар бир өткөн күнгө туум төлөйт.