USD87.45EUR98.34RUB1.04
24.kg

Чек ара жаңжалы. Абал туруктуу, өткөрүү пункттары штаттык негизде иштеп жатат

11:42, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстан менен чектеш өткөрүү пункттары штаттык негизде иштеп жатат. Болгону "Кулунду-унаа жолу" көзөмөл өткөрүү пунктун тажик тарап бир тараптуу жапкан.  

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.  

 

 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18