00:47
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Маевка айылында белгисиз айдоочу эркек кишини өлтүрө сүзүп качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Кырсык 15-сентябрда Жаш Гвардия көчөсүндө катталган. Айдоочу жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Чүй ОИИББ аталган кырсыкка күбө болгон жарандарды төмөнкү номурларга байланышка чыгууну суранат: 0312446422, 0707758720.

Анонимдүүлүккө кепилдик бар.

Эң көп окулган жаңылыктар