Борбор калаада алдамчылыкка шектүү аял кармалды

09:38, 18 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү «Кумтөр» компаниясына айдоочулук кызматтан орун таап берем деп жарандан 100 миң сом алып качып кеткен.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган окуяга шектүү делген 1965-жылы туулган А.С. кармалды. Буга чейин ал бир канча жолу соттолуп чыккан. Шектүү Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилди.