Бактуу-Долоноту айылында 32 жаштагы аялды өз үйүнөн зордуктап кетишти

09:22, 17 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Бактуу-Долоноту айылында 32 жаштагы аялды өз үйүнөн зордуктап кетишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жабырлануучу 14-сентябрда кайрылган. Шектүүнү издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Ысык-Көл ОИИББ маалыматты тастыктады. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

«Алдын ала маалыматка ылайык, арыз ээсин чала тааныш киши зордуктаган. Учурда керектүү экспертиза дайындалды. Милиция шектүүнүн өздүгүн тактап жатат», -деп айтылат маалыматта.