17:24
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Орусиянын түрмөлөрүндө 1 миң 300 кыргызстандык жаза өтөөдө

Орусиянын түрмөлөрүндө 1 миң 300 кыргызстандык жаза өтөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Новосибирсктеги мигранттар менен жолугушканда айтты.

Ал камактагы кыргызстандыктардын көбү өз мекендештерине жасаган кылмыштары үчүн отурганын кошумчалады.

«Орусияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңи орусиянын паспортун алышкан. Анализ жүргүзүп көрсөк, биздин мигранттар өзүбүздүн эле мекендештердин кылтагына илинип, уурулук, алдамчылык, талап-тоноонун курмандыгына айланышат экен», -деди элчи.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума