15:21, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Орусиянын түрмөлөрүндө 1 миң 300 кыргызстандык жаза өтөөдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Новосибирсктеги мигранттар менен жолугушканда айтты.
Ал камактагы кыргызстандыктардын көбү өз мекендештерине жасаган кылмыштары үчүн отурганын кошумчалады.
«Орусияда 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңи орусиянын паспортун алышкан. Анализ жүргүзүп көрсөк, биздин мигранттар өзүбүздүн эле мекендештердин кылтагына илинип, уурулук, алдамчылык, талап-тоноонун курмандыгына айланышат экен», -деди элчи.