Ош шаарында Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тасмалар Оштун «Семетей» кинотеатрында көрсөтүлөт.
Иш-чара 17-сентябрдан тарта 19-сентябрга чейин уланат. Ачылыш аземге Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышат.
Кирүү акысыз.