Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою жаратылыш газы жок болот

13:50, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин жаратылыш газы төмөнкү даректерде берилбейт:

  • Дэн Сяопин проспектиси, Казаков, Арзамасская, Сельсовет көчөлөрү менен чектеш аймактарда.