11:22, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Орусиянын Сызрань шаарында Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу «Mitsubishi» унаасы «Opel» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.
Маалыматка ылайык, кырсыктан «Opel» үнаасынын 50 жаштагы жүргүнчүсү жабыркаган.
«Унаа талкаланып калган. Ал эми «Mitsubishi» унаасы кагылышуудан кийин жол тосмосун сүзүп алган. Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок», -деп айтылат маалыматта.