Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталды. Жабыркагандар бар

11:09, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында оор жүк ташуучу «ЗИЛ-130» үлгүсүндөгү унаа менен «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кесепетинен 1963-жылы туулган Ж.С. аттуу аял жабыркады.

ӨКМдин куткаруучулары жабыркаган аялды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.