USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Мыйзамсыз ташылып келген 2 тонна күйүүчү май аныкталды

09:54, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдовар автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден мыйзамсыз ташылып келген 2 тонна күйүүчү май аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустун жүк салуучу жерине кошумча бекитилген бак менен мунайзатты алып өтүүгө аракет кылган, Setra маркасындагы автобустун айдоочусу кармалды. Белгиленген ченемдерге ылайык, машинанын багындагы күйүүчү майды эске албаганда, жеке адамга жеке пайдалануу үчүн 20 литрден көп эмес күйүүчү майларды транспорт менен алып өтүүгө уруксат берилет.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика