USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Tengri Music Festival. «Тазалык» бир тонна дагы таштанды алып чыгышкан жок

09:05, 16 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Эски аянтта өткөн Tengri Music Festival классикалык музыка фестивалынан кийин «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери бир тонна дагы таштанды алып чыгышкан жок. Бул тууралуу муниципалдык ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди. 

Айтымында, Эски аянтка пластмассадан жасалган 10 контейнер орнотулган. Анын баары толуп калган. Бирок, аянттын өзүндө таштанды болгон эмес.

«Контейнерлерди гана тазаладык. Калган жер таза жана тыкан бойдон калган. Бишкектиктер маданий эс алганды билишет. Ар бир өткөн иш-чарадан кийин таштанды улам азаюуда», -деди ал.

Эске салсак, 14-сентябрда Бишкекте Tengri Music Festival классикалык музыка фестивалы өткөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18