20:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таластагы чабандар тоодон мал жандыктары менен аман-эсен түштү

Талас облусунда кар калың жааганына байланыштуу, Үч-Төр жайлоосунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан. Куткаруучулардан 16 адам тартылып, чабандарды мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жеринде 1 чабан 10 боз үйү менен калган жана жол ачылганда өздөрү түшөрүн билдиришкен.

Ошондой эле куткаруучулар Музтөр жайлоосунан 1 аял киши 5 жаш баланы коопсуз жерге түшүрүшкөн.
Болжол менен 1 миң 200 баш кой, 270 баш уй, 30 баш жылкы түшүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар