Сентябрда республикалык бюджеттин чыгашалары 11 миллиард сомдон ашмакчы

15:22, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында республикалык бюджеттин кирешесинин көлөмү 11 миллиард 741,7 миллион 322 миң сомду түзмөкчү. Каржы министрлиги Борбордук казыналыктын болжолдуу маалыматын таратты.

Кирешенин ичинде салыктык кирешелер — 10 миллиард 871 миллион 146,6 миң сомду, салыктык эмес кирешелер — 870 миллион 175,4 миң сомду түзмөкчү.

Ошол эле мезгилде республикалык бюджеттин чыгашалары 11 миллиард 630 миллион 361,8 миң сом болмокчу.