ӨКМ: Тоолуу райондордо кар жаап, үшүк жүрөт

14:05, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 15-16-сентябрь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөйт. 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында айрым жерлерде 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.