Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде бейтап 254 кайрылды

11:09, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (12.09.19-ж.) 254 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 178и жаш балдар.

«Кайрылгандардын 90у ооруканага жаткырылган, алардын 75и жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 83 адам кайрылса, 44ү ооруканага жаткырылып, 39 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 30 адам кайрылган, алардын 7си ооруканага жаткырылды», -деп айтылат маалыматта.