USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

ӨКМ: 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлдү

10:22, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

10-сентябрда Суусамыр өрөөнүндө жааган карда калган мал көчүрүлүп келгенден кийин бир топ мал-жандык өлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМ Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайлоосунан 3 миң 500 баш кой менен 5 чабанды көчүрүп келген. Ошол эле күнү 500 баш кой, 4 жылкыны түшүргөн учурда 200 баш кой жана 4 жылкы Сокулук ашуусунда өлгөн. Калган 300 баш кой Сокулук районунун Төш-Булак айылына жеткирилди.

Эске салсак, 9-сентябрда калың жааган кардан улам Суусамыр өрөөнүнүн Сандык, Сулуу-Төр, Тегерек-Кайың, Арамза жайлоолорундагы жайылдык малчылар көчүрүлүп жаткандыгы кабарланган.



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика