Жалал-Абадда кафелердин биринин жанында болгон мушташ боюнча 2 шектүү кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Милиция «Бейбаштык» жана «Ден соолукка залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.
«Учурда жабырлануучу Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуяга шектелип 4 жаран кармалды. Алар Сузак районунун тургундары. Соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынды», -деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жалал-Абадда жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышканын 24.kg агенттигине жабырлануучунун тууганы Ирсалат Кулмашева билдирген.