Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт

08:40, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

  • 9.00-12.00 — Кулатов, Чехов көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Ашхабад бурулушу;
  • 9.00-17.00 — 12-кичирайон, 45, Ш.Руставели, 54а, Фрунзе, Панфилов, Раззаков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9.00-19.30 — «Дордой» калктуу конушу (Эмгекчил, Ибраимов-2);
  • 9.30-17.00 — Древесная, Осмонкул, Жибек Жолу, Тургенев көчөлөрүнүн бир бөлүгү;
  • 9.30-18.00 —"Арча-Бешик" (Баба-Ата, Он-Арча, Күйүкова, Кара-Коо, Узун-Булак, 14, 15);
  • 10.00-18.00 — «Кара-Жыгач», «Алтын-Ордо».