23:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Ак илбирсти сактайбыз» эл аралык марафонунда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

14-15-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган «Ак илбирсти сактайбыз» эл аралык марафонунда айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Эки күн бою эртең мененки саат 07:00дөн 18:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

15-сентябрда Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Искак Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Масалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү;

Айтматов проспектисинин Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

 

Эң көп окулган жаңылыктар