14:19, 12 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Каракол шаарындагы базарда үй жаныбарынын курттап кеткен өпкөдөн жасалган салат сатышкан. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.
Айтымында, шаардагы базарлардын биринен салат сатып алып, үйгө келгенде ал курттап кеткенин байкашкан.
«Салат өпкөдөн жасалган. Ал курттаганы көрүнүп турат. Балким, бул эхинококк болушу мүмкүн. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтан чара көрүүнү талап кылабыз», -дейт окурман.