Москвада кыргызстандык 2 жашар кыз 3-кабаттан кулап кетти. Бул тууралуу «MK.ru» басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 2017-жылы туулган кыргызстандык наристе балкондон кулаган. Ал убакта ата-энеси кароосуз калтырып коюшкан.
Баш сөөгү жана башка сөөктөрү сынган кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.