«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 1-сентябрдан 8-сентябрга чейин 2 миң 369 телефондон кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрылуулардын ичинен 39 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган. 18 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар, 3 абонентке психологиялык консультация берилди.
18 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.