Жалал-Абадда жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышты

16:54, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун тууганы Ирсалат Кулмашева билдирди.

Анын айтымында, мушташ 9-сентябрда шаардагы кафелердин биринин жанында болгон. Жабырлануучу ага кол салган 10дон ашуун балдарды тааныбайт.

«Болжол менен саат 23:00дө ал Жалал-Абад облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалын дарыгерлер оор деп жатышат. Милиция мушташтын баардык катышуучуларын кармаган эмес», -деди Ирсалат Кулмашева.

Жалал-Абад ОИИББ аталган маалыматты тастыктады. Учурда жаңжалдын 2 катышуучусу кармалган. Калгандары издөөдө.