09:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте 3 күндүк рейд өттү. Ылдамдыкты ашыра айдаган 140 айдоочу аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте 3 күндүк рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3 күн аралыгында 394 жол эрежеси бузулган.

Мас абалда унаа башкарган 25, унаасын караңгылатып айдаган 9, тиешелүү документи жок унаа башкарган 39, ылдамдыкты ашыра айдаган 140, жол белгилерине бай ийбеген 17 учур катталган. 

Айып төлөөчү жайга 31 унаа киргизилди. 

 

Эң көп окулган жаңылыктар