14:24, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Ушул жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 334 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,2 пайызга өстү.
«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсептебегенде, 2019-жылдын январь-августунда ИДП 298 миллиарддан ашык сомду түздү.
«Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 миллиард сомдон ашты. Айыл чарбасында көлөмдөрдүн өсүшү 1,6 пайызды түздү, курулушта — 7,8 пайызга, дүң жана чекене соода тармактарында — 4,9 пайызга өсүшү менен оң тенденциялар катталды», -деп айтылат маалыматта.
Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү, 2019-жылдын январь-июлунда 3,8 миллиард АКШ долларын түздү.