Тогуз-Торо- Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды

12:03, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Тогуз-Торо- Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Тогуз-Торо районунда аба ырайы кескин өзгөрүп, кар күрткүлөрү пайда болду.

Адамдардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө максатында, Тогуз-Торо районунун акиминин 10-сентябрдагы оозеки буйругунун негизинде Тогуз-Торо—Жалал-Абад унаа жолу убактылуу жабылды.