11:46, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg
Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы 3 күнгө жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда салттуу Ай майрамы белгиленет. Мындан улам, «Торугарт» жана «Иркештам» пункттарында 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин жүргүнчүлөр жана унаа каражаттары өткөрүлбөйт.
Чек ара өткөрмө пункттары 16-сентябрдан тарта иштеп баштайт.