Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 2 бала каза болду

09:08, 11 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, 2 бала каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ Полтавка-Орто-Суу айылында болгон.

«Орто-Суу айылынын 2003-жылы туулган тургуну тууганынын унаасын сурабай айдап кетип, бакты сүзгөн. Кесепетинен 16 жаштагы айдоочу жана жанындагы жүргүнчү- 7 жаштагы бала мерт кеткен. Ал эми 16 жаштагы дагы бир жүргүнчү ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди», -деп айтылат маалыматта.