Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен ооругандардын саны өсүүдө

17:04, 10 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда курч мүнөздөгү вирустук инфекция менен (ОРВИ) ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-8-сентябрь күндөрү мурунку жумаларга салыштырмалуу бейтаптардын санынын өсүшү 5,9 пайызды түздү. Жалпы 1 миң 805 учур катталды.

Министрликтен билдиришкендей, күзүндө ОРВИ, кышында сасык тумоо менен ооругандардын саны өсөт.