12:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 650 миллион долларга жетти

Кыргызстандын алтын кен иштетүүчү Centerra Gold компаниясындагы акция пакетинин баасы, өкмөт менен инвесторлор ортосунда түзүлгөн жаңы келишимден кийин өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстандын компаниядагы үлүшү 428 миллион долларга бааланган, макулдашуудан кийин ал 650 миллион долларга жетти.

«Мындан тышкары, улуттук мыйзамдуулукту кармануу талаптары боюнча артыкчылыктарга ээ болдук», -деп билдирди Кубатбек Боронов.

Эң көп окулган жаңылыктар