06:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Суусамыр өрөөнүндө 5 миң гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калды

8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, Суусамыр өрөөнүндө 5 миң гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калды. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев айтты.

«Жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Көпчүлүк дыйкандар насыя алып, эптеп айдаган эгиндеринен кол жуушту. Анткени, суусамырлыктар табияты катаал аймакта мал чарбачылыгы менен катар арпа эгинин гана эгип, оокат кылышат. Ал эми 5 миң гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек», — деди Тынчтыкбек Конушбаев.

Кошумчалай кетсек, быйыл Суусамырда 6 миң 100 гектар жерге арпа айдалган.

Эң көп окулган жаңылыктар