14:29
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Чүйдө «Скорпион» атайын дайындыктагы кызматтын командири жол кырсыгына кабылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда «Скорпион» атайын дайындыктагы кызматтын командири жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер адамы 7-сентябрда кызматтык унаасы менен жумуштан сырткаркы убакта жол кырсыгына кабылган.

Башкы штаб фактыны тастыктады. Учурда экспертиза жүргүзүлүүдө.

«Жабырлануучулар жок. Экспертиза полковник Бактыбек Орозалиевдин унааны башкарып бара жатканда мас абалда болгонбу же жокпу, аны аныктап чыгат», -деп билдиришти Башкы штабдан.

Эң көп окулган жаңылыктар