09:59
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте автобус менен жеңил унаа кагышты. 4 киши көз жумду

Бишкекте жүргүнчү ташыган автобус менен Mazda үлгүсүндөгү унаа кагышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, кырсык бүгүн саат 15:00дө Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө катталган.

«Кесепетинен 4 киши каза болуп, бир канча киши жаракат алышты. Окуя болгон жерге 4 тез жардам унаасы барган», -деп айтылат маалыматта.

ӨКМ билдиргендей, 4 киши каза болуп, 7 киши жаракат алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби