Кыргызстандык тасмалар Алматыда өткөн фестивалда бир канча сыйлыкка татыды

17:03, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык 2 кыска метраждуу тасма Алматыда өткөн IV Baiqonyr International Short Film Festival фестивалында бир канча сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Жаныш Карашовдун «Прощай» аттуу тасмасы «Мыкты тасма» номинациясын алды. «Мыкты актер» номинациясы— Саламат Нурмамбетов жана Даниел Курманалиевге берилди.

Фото

«51+» тасмасынын режссеру Данияр Абировго «Мыкты режиссер» наамы ыйгарылды.