Өрнөк айылында жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды

14:45, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусуна караштуу Өрнөк айылында жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек-Ананьево-Каракол жолунда жүргүнчү ташуучу маршрутка менен жеңил унаа сүзүшкөн.

Кесепетинен 3 киши жабыркап, Балыкчы аймактык ооруканасына жаткырылды.