Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы ишин токтотту

11:51, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Туристтик сезондун аяктаганына байланыштуу 8-сентябрдан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы ишин токтотту. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мекемесинен билдиришти.

Эске салсак, поезд 14-июндан бери иштеп жаткан.

Маалыматка ылайык, жайкы мезгилде 19 миң 972 жүргүнчү ташылган. Бул 2018-жылга караганда 13 пайызга көп.