Дарбаза басып калган окуучу жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду

10:50, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте футболдук дарбаза басып калган 11 жаштагы окуучу жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу шаардык балдар клиникалык ооруканасына 6-сентябрда келип түшкөн.

«7-сентябрда абалы турукташкандан кийин баланы жалпы палатага которушту. Абалы орто оордукта. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө керектүү дары-дармектерин алууда», -деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 5-класстын окуучусун футбол дарбазасы басып калганын ШИИББ билдирген. Окуя 6-сентябрда Ак-Ордо жаңы конушундагы № 96 мектепте болгон.