Бишкек жана Ош шаарларынын айрым аймактарында бир канча күн бою газ берилбейт

10:36, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым аймактарында бир канча күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧК билдирди.

Оңдоо иштерине байланыштуу газ төмөнкү даректерде берилбейт:

  • 9-10-сентябрда — Л.Толстой, 67, 69, 71, 73/2, 77/1;
  • 10-12-сентябрда— Ю.Фучик, Ленская, Лазо көчөлөрү менен чектеш аймактарда.

Восток айылында 10-12-сентябрда газ берилбейт.

Ош шаарында төмөнкү даректерде жаратылыш газы чектелет:

  • 10 сентябрда — «Ак-Тилек»;
  • 11-сентябрда— «Черемушки»;
  • 12-сентябрда— М.Абжалов көчөсү;
  • 13-сентябрда — Сулайманов көчөсү.