Нариман Түлеевдин батирлерин сатып салган мэриянын кызматкери кармалды

09:11, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку мэр Нариман Түлеевдин батирлерин сатып салган Бишкек мэриясынын издөөдө жүргөн кызматкери кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү Баткен облусунда жашынып жүргөн. Ал Тажикстан аркылуу качып чыгып, Түркияга кетүүнү ниет кылган. 7-сентябрда милиция жана УКМКнын кызматкерлери шектүүнү мамлекеттик чек арадан өтүүгө аракет кылган маалда колго түшүрүштү.

Фото

Эске салсак, Бишкек мэриясынын кызматкери Э.А. 8 батирди мыйзамсыз сатып жиберген. Кийин аталган мүлк мурда Нариман Түлеевге таандык болгону аныкталды.