Жал кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрүн № 1 тергөө абагына киргизишти

08:49, 09 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Жал кичирайонундагы мушташтын шектүүлөрүн № 1 тергөө абагына киргизишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Кийин шектүүлөр издөөгө алынып, алар милицияга өздөрү келишкен. Шектүүлөрдү кое берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду.